Пример HTML-страницы

Чүйдөгү тургундун короосуна чейин кирип келген жырткычтын айласы кетти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы турак үйдүн короосуна түлкү келди. Ал өзүн кооптуу абалда сезгенде өлүктөй түр көрсөткөн. Себеби короонун бардык аймагы тосулуу болчу.

Жергиликтүү тургун Николай окуя тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Биздин айыл Казакстан менен чектешкен жерде жайгашкан. Түлкү менен чөөлөр биздин үйдүн жанындагы талааларды байырлайт. Суук түшкөндөн бери алар айылдыктардын короосуна чейин келип жатат.

Бул жолу эшикке чыгып, түлкүнүн изин көрүп, акырын анын артынан бардым. Ал мени байкап калып, качууга аракет кылды. Бирок короонун бардык тарабы жабык болгондуктан түлкү ары-бери чуркап, кача албай турганын түшүнгөндөн кийин өлүк сыяктуу түр көрсөттү.

Түлкү мени абдан таң калтырдым. Аны өлтүрүүнү көздөгөн эмесмин, жөн гана жакындан карайын дегем. Мен тосмону ачып, ары жылдым. Түлкү качып кетти», — деди тургун.

Ал эми эколог Александр Сосновскийдин маалыматы боюнча, түлкү Кыргызстандын бардык жеринде бар.

«Ал тоскоолдуктарды өзгөчө ыкма менен жеңет. Ал чынында эле куулугу менен өлүк сыяктуу түр көрсөтүп, карга, ит, керек болсо адамды да алдай алат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE