Пример HTML-страницы

Боом капчыгайында фуралар жолдо тыгылып, узун унаа тыгыны пайда болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushБоом капчыгайында унаа тыгыны пайда болгон. Анын узундугу 1 чакырымга жетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 16-февралда саат 15:37де 2-3 фура жогору чыга албай, жолдо туруп калган. Андан кийин унаалардын тыгыны пайда болгон.

Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, жолдордо муз тоңуп, кыштын чыкыроону башталды. Айрым аймактарда абанын температурасы -38 градуска чейин төмөндөдү. Унаа жолдор тайгалак.

Кечээ, 16-февралда аба ырайына байланыштуу жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Алар:

— Ош облусунун Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайку унаа жолу;

— Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолу;

— Көк-Мойнок—Кувакы унаа жолунун 26-чакырымына чейинки тилкеси жабылды. Балыкчы шаары аркылуу айлананып өтүүгө болот;

— Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди;

— Казарман—Ак-Тал-Чат унаа жолунун Кара-Көө ашуусу жабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE