Пример HTML-страницы

Beeline викторина элементтүү акциянын жеңүүчүсүнө 1 000 000 сом тапшырды

Акыркы жанылыктар

Turmush«Бишкек Парк» соода борборунда 15-октябрь күнү Beeline мобилдик операторунун викторина элементтүү акциясынын жеңүүчүсүнө 1 000 000 сом тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында меймандар үчүн маданий программа тартууланып, ошондой эле irPods Pro, плед жана брелоктор сыяктуу баалуу белектер ойнотулду. Бул оюнга соода борбордун кардарлары, анын ичинде жаш балдар активдүү катышып жатышты.

Оюндан кийин меймандар үчүн белгилүү ата мекендик ырчы Jax «Ким билет» жана «Себелеп» деген хит ырларын аткарып берди.

Андан соң кеченин кульминациясына кезек жетип, викторина элементтүү акциянын жеңүүчүсү — 1 000 000 сомдун ээси ким экени жарыяланды. Жеңүүчү — Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну Мурат Чикетаев. Ага сертификатты Beeline компаниясынын коммерциялык директору Александр Атаманов тапшырды.

Мурат Чикетаевдин айтымында, ал акцияга капысынан эле катышып калган.

«Мен жарнама баннерин капысынан эле ачып, кийинки баракчага өткөндө суроолор берилди. Башында байкап көрүп, кайсы байге болбосун утууга билимим жете турганын түшүндүм. Биринчи күндөн баштап эле бул байгени ала турганымды билип, 100% ишенимде болдум. Суроолор негизинен эрудиция менен болду. Мурда кандайдыр бир акцияга катышкан эмесмин, бул биринчи жолкусу. Жада калса пландаган да эмесмин, жыйынтыгы ушундай болуп калды», — деди жеңүүчү.

Мурат Чикетаев Beeline операторунун 10 жылдан ашуун убакыттан берки абоненти.

«Beeline операторунун абоненттерине айткым келгени: жеңүүчү болууга мүмкүн, суроолор космостон эмес, эч кандай оорчулук деле жок. Билимдүү адам суроолорго оңой эле жооп бере алат», — деген жаңы миллионер бардык кыргызстандыктарга тынчтык, өлкөгө гүлдөп өсүү каалады.

Beeline компаниясынын коммерциялык директору Александр Атаманов белгилегендей, акция эң жөнөкөй шартта өтөт.

«Алгачкы жеңүүчү Мурат Чикетаев 1 000 000 сомдун ээси болду. Бул акциянын биринчи гана этабы. Кыргызстандыктарды дагы 2 акция күтүп жатат. Анда ар бир жаран 3 000 000 сом жана Kia Seltos автомобилин утса болот. Бул башталышы гана, шашылыңыздар», — деди ал.

Александр Атамановдун айтымында, чындыгында эле акцияга катышуу абдан жеңил.

«Жөн гана активдүүлүккө кошулуп, күн сайын «Мой Beeline» тиркемесинде суроолорго жооп берип туруңуз. Эгерде сизде смартфон жок болсо, анда СМС аркылуу суроолорго жооп берип жеңүүчү боло аласыз. Баса, биздин акциядан смартфон да утуп алсаңыз болот. Андыктан бардыгыңыздарды акцияга кошулууга чакырам. Биздин ар бир абонент акцияга катышып, сонун белектерди утушу үчүн бардыгын жасап жатабыз», — деди А.Атаманов.

Александр Атаманов Beeline — абоненттердин кызыкчылыгын (канааттануусун) баарынан жогору койгон компания экенин белгиледи.

«Биз ар кандай варианттарды байкап жатабыз, жаңы кызматтарды киргизип, атайын сунуштарды берип, бааларды алмаштырып турабыз. Мурунку жылы 3 автоунааны ойнотконбуз. Бул жылы активдүүлүктү бир аз өзгөртүп, акчалай байге утуу мүмкүнчүлүгүн коштук. Бир автомобиль — жол тандабас калды. Кереметтүү Кыргызстанда саякаттооо үчүн актуалдуураак деп ойлойм», — деди ал.

Викторина элементтүү акция — абоненттер «Викторина» сервисине катышканы үчүн, ошондой эле белгилүү тарифтик план жана тигил же бул аракет үчүн абоненттик акы төлөө менен упай топтогон акция. Упайлар катышуучунун рейтингин аныктап, байгенин жеңүүчүсү такталат. Толук маалымат бул шилтемеде.

Акцияга Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары катыша алат. Башкысы — акциянын катышуучусу Beeline операторунун абоненти болушу керек.

Акциянын катышуучусу болуу үчүн абоненттер «Викторина» сервисине катталып, «Викторина» сервиси боюнча күн сайын абоненттик төлөм — күнүнө 8 сом төлөп турушу зарыл. Акцияга *2323# номуру менен катталып, же 2323 номуруна GO тексти менен SMS жөнөтүү керек. Ошондой эле «Мой Beeline» тиркемеси аркылуу көңүл ачуучу кызматтар бөлүмүнөн катталуу мүмкүнчүлүгү бар.

«Викторина» сервисине катталуу акциянын негизги шарты болуп эсептелет.

Викторина элементтүү акциянын 3 000 000 сомдун ээси боло турган кийинки жеңүүчүсү ноябрь айында аныкталат. Андыктан сизде да жеңүүчү болуу үчүн мүмкүнчүлүк бар. Ал эми 3-этаптын жыйынтыгы менен жеңүүчүгө «KIA Seltos» үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE