Пример HTML-страницы

Баткен шаарында балдарды сууга чөгүп кетүүдөн сактоо үчүн аракеттер көрүлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында милиция кызматкерлери сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Баткен ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы каникул мезгилинде өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында кароосуз калган көлмөлөргө, терең бассейндерге эскертмелерди илип жатышат. Кооптуу жерде жашаган тургундарга балдардын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча 45 эскертүү актылары берилди. Күндүн ысыгында өз алдынча сууга түшкөн өспүрүмдөргө коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жыл башынан бери Баткен шаарында өспүрүм сууга чөккөн 1 факт катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE