Пример HTML-страницы

Баткен шаары Улуу Жеңиштин 78 жылдыгын белгилеп жатат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленүүдө. Салтанат шаардын И.Раззаков көчөсүндөгү эстеликке гүл коюу менен башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, бийлик өкүлдөрү жөө жүрүшкө чыгышты.

Жүрүштүн катышуучулары андан ары Баткен шаарынын борбордук стадионуна барып, концерттик программага күбө болушту. Ага облустагы тылда эмгектенген баатырлар чакырылган. Мындай иш-чара облустун башка район, шаарларында да белгиленүүдө.

Облуста Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары калган эмес. Ал эми тылдын 90 ардагери бар. Аларга жыл сайын 9-майда мамлекет тарабынан 15 000 сомдон сыйлык берилет. Мындан сырткары ай сайын 1000 сомдон каражат чегерилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE