Пример HTML-страницы

Бакай-Атадагы мектепте жылуулук сактоо үчүн тосмо курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы Досманбет Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясын жылуулоо максатында вестибюль орнотулду. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептин экинчи окуу корпусу кыш башталгандан бери жылуулук режимине болгон талаптарга жооп бербей, көпчүлүк учурда +15 °С температурадан төмөн болгондуктан, Бакай-Ата районунун санитардык-эпилемиологиялык бөлүмүнүн каттарынын негизинде окуучулар онлайн окууга тарап жатышты.

23-январда демөөрчү тарабынан 100 миң сом акча бөлүнүп, башталгыч класстар окуган экинчи окуу корпусун жылуулоо максатында, жалпы аянты 8,5 метр квадратты жана жалпы наркы 60 миң сомду түзгөн вестибюль курулду.

Мындан тышкары, жаңы ачылган компьютердик классына интернет чубалгыларын тартууга жана техникалык коопсуздукту талапка ылайык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 40 миң сом жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE