Пример HTML-страницы

Араванда картошка менен сарымсак бышты. Дыйкандар алгачкы түшүмдү канча сомго баалашты?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районуна караштуу Маданият айылындагы дыйкандар биринчилерден болуп картошка жана сарымсактык түшүмүн алып, сатыкка чыгарышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-3 күн аралыгында болгар калемпирин жыйноо иштери башталат. Бышкан түшүмдү кардарлар дароо эле алып кетишүүдө.

«Быйыл райондогу ички каналдар тазаланып, 9-апрелден тарта суу эрте бериле баштаган. Өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл түшүм 10-15 күнгө эрте бышып, эрте жыйналууда», — деди Араван районунун акиминин орун басары Музафар Мамасаитов.

Жаңы бышкан картошканын килограммы 50 сомдон бааланды. Ал эми сарымсактын бир башы 6 сом. Болгар калемпири 100-150 сомдон сатылары күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE