Пример HTML-страницы

Алайдагы «Чыйырчык» лыжа базасына коңшу өлкөлөрдөн келип, эс алгандардын саны арбын

Акыркы жанылыктар

Turmush8-январь күнүнө чейинки дем алуу күндөрү жарандар ар кандай көңүл ачуучу жайларда эс алууну улантып жатышат. Айрыкча, жаңы жылдык майрамдан соңку дем алуу күндөрү тоо койнунда лыжа тээп, эс алууну каалагандардын саны арбын болууда.

Ош облусунун аймагына жарандар жана туристтер Чоң-Алай районунун «Ленин​​» чокусуна, Кара-Суу районунун «Катта-Талдык» лыжа базасына жана Алай районунун «Чыйырчык» лыжа базасына келишет. Жаратылышынын кооздугу жана таза абасы менен өзгөчөлөнгөн жерлерде көбүнчө коңшу Өзбекстан, Казахстан өлкөлөрүнүн жарандары жана жогорку окуу жайларда окуп, билим алган чет элдик студенттер лыжа тээп, ат минип, эс алышат. Дем алыш күндөрү жана кышкы каникул мезгилинде эс алууга келгендердин саны 2 миңге чукул болот.

Бул аймакта Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат. Ал эми туристтик взоддун кызматкерлери туристтерге котормочу кызматын аткарышып, зарыл болгон учурларда юридикалык кеңештерди берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE