Пример HTML-страницы

Алайдагы ак халатчандар макал-лакап айтып жарышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда мамлекеттик тил мыйзамы жана ага киргизилген өзгөртүүлөр талкууланып, Мамлекеттик тил күнү белгиленди.

Иш-чараны башкы дарыгердин орун басары Айзирек Алмазбек кызы мамлекеттик тилге байланышкан ыр саптары менен ачты. Андан кийин аталган борбордун тил адиси Мамыт Бекташов мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам жана ага киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди. Ошондой эле мамлекеттик тилди даңазалоо максатында тил тууралуу макал-лакап, учкул сөздөр айтылып, обондуу ырлар ырдалды.

Макал-лакап, учкул сөздөрдү мыкты айткан ак халатчандар сынактын жеңүүчүлөрү болду. Тактап айтканда, кардиология бөлүмүнүн улуу медайымы Нургул Акматова 1-орунду ээлесе, балдар бөлүмүнүн улуу медайымы Нургүл Дөөлөтова 2-орунду, тиш дарылоо бөлүмүнүн улуу медайымы Гүлжамал Нурудунова 3-орунду алып, акчалай сыйлыктарга татыктуу болушту. Ал эми стоматолог Мырза Караевдин өз өнөрүн тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE