Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Жерге-Тал айылында кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар алынууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында кызыл сызыктарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Руслан Алдеевдин айтымында, аталган айылдын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында иш башталган. Курулушка тоскоолдук жаратпаш үчүн архитектура тарабынан көчөлөрдүн кызыл сызыктары аныкталып, таза сууга гана эмес, келечекте канализация жана башка инфратүзүмдөр үчүн көчөлөр кеңейтилип жатат.

«Кызыл сызыктан чыгып кеткен объекттер, тосмолорду, дубалдарды алуу боюнча жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүрдү. Анын негизинде кызыл сызыктан чыгып кеткен айрым объекттер жашоочулар тарабынан алынууда», — деди Р.Алдеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE