Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын тургуну сүттү кайра иштетүүчү цех ачуу зарылдыгын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Майрамкүл Сакыева сүттү кайра иштетүү үчүн цех куруу зарылдыгын айтып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

  • 13-сентябрда өткөн жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касмалиев, экономика министри Данияр Амангельдиев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана башкалар катышты.

«Мен бүгүн сиздерге чоң өтүнүч менен үмүттөнүп келип отурам. Биздин элдин өксүгөн бир арманы бар. Өмүр бою аткарылбай келе жатат. Биздин Ак-Талаа районунда бир дагы кайра иштетүүчү цех жок. Азыр кыйынчылык болуп жатат. Баары кымбат. Айлыгың дагы, пенсияң дагы эч нерсеге жетпейт калды. Өзгөчө, мектептин, бала бакчанын балдары 500 чакырым Бишкектен келген сүт азыктарын пайдаланып жатат. Келечегибиз эмне болот? Канча жолу бийликтин төбөлдөрүнө кайрылып, бир дагы жолу орундалган жок. Азыр сиздерден үмүтүм чоң. Бизге жок дегенде цех ачып бере аласызбы? Мына азыр эл сүтүн көтөрүп көчөдө жүрөт», — деп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиевге кайрылды.

Экономика министри Данияр Амангельдиев: «Жаңы бюджеттик саясаттын ичинде райондук жана облустук фонддор түзүлгөн. Ошол фонддор 60 пайызы менен долбоорлорго гана багытталган. Андан тышкары, Экономика министрлигинин астында долбоор түзгөн бөлүм ачылып жатат. Өзүңүздүн жазган ишиңизди берсеңиз, биз аны долбоорлоп беребиз. Анданкийин ошол фондго тапшырсаңыздар болот. Андан сырткары, Нарын жана Ысык-Көл облустарына фонд түзүлүп жатат. Кум-Төрдүн иштеген продукциясынан 0,6 пайыз алынат. Акча жетиштүү болот. Ошол фондду иштетүүнүн 60 пайызы толугу менен жергиликтүү ишкерлерге багытталган акча каражаты», — деди.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов: «Майрам эже, мен келгенде айттым эле, акимге дагы тапшырма берилген. Райондордон долбоорлорду алып келип тапшыргыла дегем. Сиз долбоорду бериңиз. Бир гана шарты бар. Бул акча кайтарымдуу жана пайызы өтө төмөн болот. Мына биздин фонддун дагы өкүлдөрү бар. Адыл Солтоевич өзүңүз көзөмөлгө алыңыз. Долбоорду алып келип тапшырыңыз. Мен байкоочу кеңештен өткөрүп берем. Сүйлөштүкпү», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE