Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Шабыр капчыгайындагы унаа жол оңдоодон өткөрүлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынын Шабыр капчыгайындагы унаа жол оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук токой чарбасынын башчысы Рысбек Каналиевдин айтымында, токой чарбасын өрт коопсуздугун сактоо, жергиликтүү малчылардын жайлоого көчүп-конуусуна шарт түзүү жана Шабыр капчыгайына туристтердин кыйынчылыксыз өтүүсүн камсыздоо максатында капчыгайдын 1 чакырым аралыктагы унаа жол оңдоодон өткөрүлөт.

«Капчыгайдагы унаа жолдун кыян суу жеп кеткен жерлери, саз көтөрүлүп кеткен тилкелерине шагыл төгүлүп, тапталып оңдоодон өткөрүлөт. Жолду оңдоо иштери 2-3 күн аралыгында башталат. Каржылоо токой чарбасынын эсебинен болот. 100 миң сомдун айланасында каражат сарпталышы ыктымал», — деди Р.Каналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE