Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын 4 мугалими республикалык сынакта жеңишке жетип, Ташкентке жолдомо алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун 4 мугалими республикалык деңгээлдеги «Креативдүү мугалим» сынагында жеңүүчү аталышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тоголок Молдо айыл аймагынын Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими Гүлзада Жоробекованын айтымында, респуликалык деңгээлдеги сынакка 425 мугалим катышып, 30 мугалим Ташкентке эс алууга жолдомо алышкан.

Жолдомо утуп алган 30 мугалимдин ичинде Ак-Талаа районунан 4 мугалим бар. Алар:

— Тоголок Молдо айыл аймагынын Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабиятынын мугалими Турсун Тентимишова;

— Тоголок Молдо айыл аймагынын Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлзада Жоробекова;

— Баетов айыл аймагынын Байгөнчөк айылындагы Табрис Оторов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабиятынын мугалими Чынара Шеримбаева;

— Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабиятынын мугалими Уулбек Дүйшөнкул кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE