Пример HTML-страницы

Ак-Талаада 2 мектептин директору кызматтан кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда эки мектептин директору өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында, Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин директору Эркинбек Нурдинов жана Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин директору Жайнак Тобокелов өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазышкан.

«Бул эки мектептин директор болгонуна 5 жылдан аша элек. Болгону алар өз каалоолору менен кызматынан кетишти. Учурда Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров, Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов, Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов, Терек айылындагы Калый Молдобасанов, Байгөнчөк айылындагы Табрис Оторов жана Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектептеринин директорлук кызмат орундары бош. Бирок, кызматтан кеткендер директордун милдетин аткарышууда. Бош турган директордун кызмат орундарына сынак жарыяланган. Сынактан өтүп келгендер директор болуп дайындалат«», — деди К.Эсеналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE