Пример HTML-страницы

2 балалуу келиндин Таластагы үйүндө өлтүрүлүшү

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында аялынын өлүмүнө шектүү катары кармалган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкеринин иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Turmush басылмасына Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, маркум келиндин өлүмүнө шектүү катары кармалган күйөөсү А.Ж.нын иши Талас шаардык сотуна өткөрүлгөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен айып тагылган. 23-август күнү сот процесси болот.

«Талас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 29-декабрь күнү саат 10:40 чамасында тез жардам кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда Талас шаарынын 1992-жылы туулган Э.Н. аттуу келин ​ өз үйүндө каза болгондугу маалым болгон. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге​ ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн.​ Текшерүү ​ учурунда каза болгон келиндин ​ денесинде ​ көк ала тактар бар экендиги аныкталган. Аталган факты Талас ШИИБде катталган. Азыркы учурда​ окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тийиштүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Буга чейин өздүк булактар Талас шаарында 2 балалуу жаш келиндин жансыз денеси табылганын кабарлашкан. Жансыз дене 28-декабрда өз үйүндө табылган.

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы аялдын өлүмү тууралуу маалыматты тастыктап, текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген болчу.

Кармалган күйөө:

Андан кийин Талас ШИИБ келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалганын билдирген.

Түзүмдүн маалыматына караганда, 1992-жылы туулган Э.Н. аттуу келин өз үйүндө каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн. Текшерүү учурунда каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экени аныкталган.

«Аталган факт Талас ШИИБдин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталган. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор жаракат келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары анын күйөөсү — 1988-жылы туулган Ж.А. кармалды. Учурда окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тийиштүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылган маалыматта.

2022-жылдын 3-январында Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы аялын сабап өлтүрүүгө шектелген адам камакта калтырылганын тастыктаган.

«Тергөө амалдары болуп жаткан учурда ал Талас шаардык соту тарабынан 2 айга камакта калтырылды. Камакка алынган А.Ж. учурда Талас шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан», — деп айтылган маалыматта.

Өз өмүрүнө кол салмак болгон:

4-январь күнү Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кармаган инспектор 3-январда өз өмүрүнө кол салмак болгону аныкталганын билдирген.

«Аялынын өлүмүнө шектүү катары кармалган жаран кечээ күнү убактылуу кармоочу жайда суицидге барам деп жип даярдап жаткан учурда кызматкерлер көрүп, алдын алып калышкан», — деп айтылган маалыматта.

Ал эми жубайларды тааныган адамдардын айтымында, буга чейин алардын ортосунда чатак болгонун көрүшкөн эмес.

«Ошол күнү каза болгон Э.Н. Талас шаарындагы кафелердин биринде достору менен жаңы жылдык майрамда болгон экен. Бул окуя кызганычтан улам болгон деп айтышууда. Күйөөсү аны катуу сүйчү. Жакында эле «35 миң сомго телефон алып бердим» деп өзү кубанып айтып жүргөн. Жубайын татынакай кылып жанында алып жүрчү. Жубайына мурун унаа сатып берген. Экөөнүн эч кандай жаман мамиле жасаганын көргөн эмеспиз», — деген алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE