Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 1 күндө айнеги караңгылатылган 4 унаа аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында өткөн бир күндүк рейдде унааны мас абалда башкарган 1 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, калаада жол кыймылын тескеген инспектор «Тонировка» аталышындагы рейд өткөрдү. Жол эрежесине баш ийбеген айдоочуларга жалпы 60 административдик протоколдор толтурулду.

Анын ичинен:

— тиешелүү уруксаты жок, мыйзамсыз унаанын алдыңкы айнектерин караңгылаткан 4 айдоочу;

— унааны башкарууга тиешелүү документи жок 1 учур;

— спирт ичимдигин ичип, унаа башкарган 1 айдоочу токтотулуп, чара көрүлдү;

— 2 унаа атайын айып короо киргизилди.

Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу) 3-пунктунда көрөтүлгөндөй, айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колго жасалган, өнөр жайлык түрдө даярдалган, же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу — жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул, юридикалык жактарга 400 эсептик көрсөткүчтө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE