Пример HTML-страницы

Жайылда кичинекей жырткычтар соймоңдогон куртка чабуул жасады. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда аарылар курт-кумурскаларга активдүү аңчылык кылып баштады.

«Сентябрь айынын аягында көп сандагы аарылар пайда болду. Алар таттуу жемиштердин, эт, балыктын калдыгын чогултуп, активдүү түрдө курт-кумурскаларга чабуул жасап жатат. Менин көз алдымда аарылар ири көпөлөк куртка чабуул жасап, кеминде 5 жолу чагып өлтүрүштү», — деди Кара-Төбө айылынын тургуну Дмитрий.

Ал эми биолог адиси Ирина Стежконун маалыматы боюнча, аарылар — активдүү жырткычтар.

«Эгер аларды сүт эмүүчүлөр менен салыштыра турган болсок, алар үйүрү менен аңчылыкка чыккан курт-кумурскалар дүйнөсүндөгү карышкырлар. Аарылар курт-кумурскаларды чагып, кыймылсыз абалга келтирип, жаагы менен майдалап, анын бөлүктөрүн атайын даярдалган уясына алып барышат. Ал жерде жумурткалары да болот», — деди адис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE