Пример HTML-страницы

Жайылда бала бакчага кезекте турган 1620 бала бар

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунда бүгүнкү күндө бала бакчага кезекте турган 1620 бала бар. Бул тууралуу Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Эске салсак, мектепке чейинки балдар азыр «электрондук эсепке алуу» менен гана кабыл алынат. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Элмира Султанкулованын айтымында, «Санарип Кыргызстан» улуттук программасынын алкагында «Бала бакчаларга электрондук кезек» долбоору пайда болгон. Долбоордун максаттарынын бири — жарандардын мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү. Эксперттер бул система коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылып, өлкөдөгү ар бир баланын мектепке чейинки билим алууда бирдей укуктары менен милдеттерин камсыздайт деп ишендирүүдө.

«Февралда биз мурда болгон эски кезекти жокко чыгардык. Андан соң ата-энелерге электрондук жазуу киргизилип жатканы, кайра каттоодон өтүү керектиги айтылды. Биздин «электрондук кезекке» эч кандай тиешебиз жок. Ата-энелер баласын өздөрү катташы керек. Ата-энелер бизге келип, эмне үчүн аларды автоматтык түрдө эски кезектен жаңы электрондук кезекке өткөрбөй койгонубузга нааразы болушту. Каттоодон өтүү үчүн ПИН-код, ата-эненин электрондук почта дареги, телефон номурлары жана башкалар керектелет. Бул система ата-эне баласын өздөрү каттоого алышы үчүн иштелип чыккан. Мындан тышкары, алар муну үйдөн чыкпай эле, компьютер же уюлдук телефон аркылуу каттай алышат. Кошумчалай кетсек, февраль айынын аягынан тарта эски кезек жоюлгандан бери жаңы системаны киргизүү боюнча бардык тургундарга маалымат берилген.

Электрондук кезек туруктуу болгондугу менен айырмаланат. Жыл ичинде кайсы бир бала бакчада бош орун болсо, система балдарды тынымсыз кабыл алат. Мында адам фактору жокко эсе, башка кызматкерлер бала бакчага кезекке турууга тиешеси жок. Бирок ата-эне же чоң ата, чоң эненин компьютери же уюлдук телефону жок болсо, анда биз консультациялык жардам беребиз. Электрондук кезекке туура катталууга жардам бере турган адисибиз бар. Ал эми буга чейин мектепке чейинки мекемеге жолдомо берсек, азыр билдирүүнү система өзү берет», — деди ал.

Бүгүнкү күндө Жайыл районунда 32 бала бакча бар, анда 3175 бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE