Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү 5 аким жаңы кызматтык унаалары менен

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-февралда Ысык-Көл облусундагы район акимдерине жаңы кызматтык унаалар берилди.

Маалым болгондой, унаалардын ачкычын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Камчыбек Кускаков жана президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбетов тапшырды.

Президенттин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн 2023-жылы чыгарылган «Chevrolet Captiva» үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган. Анын ичинен 5 унаа Ысык-Көл облусундагы акимдерге берилди.

  • Ак-Суу районунун акими — Насиров Мунарбек Жумабаевич;

  • Түп районунун акими — Адиев Каныбек Маматбекович;

  • Жети-Өгүз районунун акими — Тагаев Мураталы Абдыкарович;

  • Тоң районунун акими — Астанкулов Байышбек Кахромонович;

  • Ысык-Көл районунун акими — Жумадылов Калыбек Аманатович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE