Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу багытындагы иш-чаралар уланууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана алардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү багытындагы иш-чаралар улантылууда.

Облустук ЖКККБнын кызматкерлери аймактардагы автобекеттерге барып, облус жана шаар-райондор аралык каттамдарга жүргүнчү ташуучу кичи автобустардын айдоочулары жана мекеме жетекчилери менен жолугушуп, жеринде атайын чогулуштарды уюштурушууда.

Анда ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жолдо жүрүү учурунда жол кырсыктарына, алардын оор кесепеттерине жол бербөө максатында жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда ылдамдыкты ашырып айдабоо, аралыкты сактоо менен жолдо уктап кетпөө үчүн чарчаңкы абалда жолго чыкпоо жана башка ушул сыяктуу жол эрежелерин так сактоолору боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошону менен бирге жүргүнчү ташуучу мекемелердин жетекчилерине жана айдоочуларына, жүргүнчү ташуу учурунда айдоочунун күнөөсү менен жол кырсыктары катталса, айдоочунун лицензиясы алынып, жүргүнчү ташуу боюнча ишмердүүлүгү токтотуулары жана ошол кичи автобус катталган жүргүнчү ташуучу мекеменин жетекчилигинин дагы жоопкерчилиги караалары эскертилди. Мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар облустун бардык шаар-райондорунда уюштурулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE