Пример HTML-страницы

Turmush: «Таанышалы деп барсам, кытай болуп чыгат»: Ысык-көлдүк Сайкалдын Германиядагы жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 24 жаштагы Сайкал Эркинбекова. Ал Германия, Швейцария, Франция, Нидерландия жана Люксембург мамлекеттерин кыдырууга үлгүргөн.

«Мен 1999-жылы 8-августта Жети-Өгүз районунун Чырак айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжесимин. Мектепти эң жакшы деген бааларга окудум. Анткени менин кыялым чет өлкөгө чыгып, билимимди жогорулатуу эле. Максатым — дүйнө таанымымды кеңейтип, бөтөн элдин маданияты менен таанышуу, жаңы нерселерди алып келип, бир аз болсо да өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуу. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү факультетинде окугам. Учурда Германиянын Кайзерпфальц шаарындагы «Allerstedter Kaiserei» сыр заводунда квалификацияны жогорулатып жатам», — деди ал.

Сайкал жумушу аркылуу бир катар мамлекеттерди кыдырганын айтат.

«Квалификацияны жогорулатуунун алкагында жеке өзүмдүн кыялымды орундатуу үчүн жумуш жана эс алуу менен Германия, Швейцария, Франция, Нидерландия жана Люксембург мамлекеттерине барып келдим. Жалпысынан 11 чоң шаарларды кыдырдым. Чет жерде жүргөндө жердеш, тууган издеп калат экенсиң. Кыргыз улутундагы адамды көрсөм, кыргызча сүйлөшсөм, абдан сүйүнүп калам. Ар бир өлкөгө, ар бир шаарга саякаттаганы чыкканда кыргыз элибизди сагынган үчүнбү, айтор кыргыздарга окшоштуруп, таанышалы деп жанына барсам, кытайлар же дагы башка азиат түспөлүндөгү адамдар болуп чыгат. Мекендин баркын биз өңдүү алыста жүргөндөр жакшы билсе керек», — дейт С.Эркинбекова.

Каарманыбыз өз кесиби менен катар келечекте психология адиси болууну каалайт.

«Келечекте психология тармагынын мыкты адиси болуп, айылдардагы кыз-келиндер менен жумуш алып баргым келет. Азыркы учурда өзүңүздөргө билгилүү болгондой, ажырашуулар абдан көп. Мунун бирден бир себеби — эки адамдын бири-бирин түшүнбөстүгү деп ойлойм. Ажырашуулардын айынан канчалаган жаш балдар оор психикалык травмаларды алышат. Мындай абал келечекте үлгүлүү, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошо ала турган жаштардын чыгуусуна тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн зээндүү, сүйүүгө, мээримге толгон дени сак балдарды чоңойтушубуз абзел», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE