Пример HTML-страницы

Turmush: Алайдагы айылда бир түндө каза болгон 76 адам: Элеттеги күйүт…

Акыркы жанылыктар

Turmush2008-жылы 5-октябрда Алай районунун Нура айылында 9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жергиликтүү тургун Гүлзада Токурова Turmush басылмасына ал зилзаланы эскерип айтып берди.

Анын айтымында, андан бери 15 жыл өтсө да ошол каргашалуу окуя жергиликтүү тургундардын көз алдында бүгүнкүдөй сакталган. Ал кырсыкта да Нура айылында бүгүнкү Түркиядагыдай кыйроолор болгон.

282

«Алгач ушундай апаат күндү башыбыздан өткөргөн адам катары боордош түрк элине сабыр тилейм, кайрат айтам.

Нура айылында болгон жер титирөө 9 баллга жетип, 76 адам каза болгон. Анын ичинен 26 адам окуучу балдар-кыздар болгон. Ошол убакта мен бала-чакам менен Ош шаарында элек. 2 күндөн кийин барсак эле айылыбыздагы үйлөр талкаланып, эч нерсеси калбаптыр. Жер титирөө 5-октябрда түнкү саат 21:00 чамасында болгон.

Кошуналарымдын айтуусу боюнча, үйдөгү шкафтар өйдө ыргып түшкөн, андан кийинкисин эстей алышпайт. «Жер көтөрүлүп туруп түшкөн» дешет. Аскердик бөлүктөр жакын болгондуктан дароо куткаруу иштерине жетип келишкен. Арасында дубалдар сырт жакка карап кулаганда тирүү калгандар, бурчта туруп тирүү калгандар болгон.

Ошол күнү шайлоо өтүп, айылдагылардын көбү сынч типтеги мектепте болуп тирүү калыптыр. Айылда 2 үй-бүлө толугу менен көз жумган. Абысыным өзү каза болуп, 2 айлык бешиктеги кызы тирүү калганы биз үчүн керемет болгон. Учурда ал кыз 8-класстын окуучусу болуп калды», — деди ал.

Нура айылында 1 жума куткаруу иштери жүргөн. Ошондой эле дүйнөнүн төрт бурчунан жардамдар тынымсыз келип турган.

  • Жер титирөөдөн кийин Нура айылында калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Айылда төмөнкү сүрөттөгүдөй үйлөр курулду.

————————————————-

6-февралда таңга маал болгон жер титирөөнүн очогу Түркиянын Газиантеп аймагы болуп, күчү 7,4 баллга жеткен. Күндүз дагы жер титирөө Түркиянын борбордук бөлүгүндө кайталанып, анын күчү 7,7 балл болгон. 7-февралда эртең менен Түркиянын борбор бөлүгүндө очогундагы күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бүгүн, 8-февралда Түркиянын борбордук бөлүгүндө очогундагы күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүү департаменти таратты. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:52де (Бишкектин убактысы боюнча 8:52) Кахраманмараш аймагынан түндүк-батышка 58 км чакырымда болгон.

Акыркы малыматтар боюнча, Түркияда жаратылыш кырсыгынан 6234 адам каза болду.

Түркиянын президенти 12-февралга чейин бүткүл өлкө аймагында аза күтүү күнү боло турганын жарыялады. Анын маалыматы боюнча, бул жаратылыш кырсыгы Түркиядагы 1939-жылдан берки катуу жер титирөө катары саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE