Пример HTML-страницы

Таластагы мал базарда эркек кишини мамыга байлап коюшкан. Милиция окуянын-чоо жайын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунда жайгашкан мал базардагы окуя боюнча милиция маалымат берди.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 30-апрель күнү эртең менен ​ Талас районуна ​ караштуу мал базардан ууру кармалды деген видео интернетке жайылган.​ Ал видео боюнча, жашоочулар болжол менен 25-30 жаштагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адамды акча уурдады ​ деп шектеп кармап​ алышкан.​

Аталган билдирүү Талас РИИБдин ​ маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. ​ Окуя болгон жерге Талас РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган. Текшерүү учурунда ​ мал базарда жүргөн жарандар ал жердеги адамды “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деп мал базардын батыш тарабындагы электр мамысына колунан​ жана белинен​ жип менен байлап коюшкандыгы аныкталган.

Текшерүү учурунда​ Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын ​ 1976-жылы туулган ​ тургуну М.И. мал базардан ​ 60 000 сом акча ​ каражатын белгисиз адамдар тарабынан ​ уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Мындан тышкары, Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын ​ 1999-жылы туулган тургуну Ж. уулу К. ​ мал базардан ​ өзү асынып жүргөн сумкасынын ичинен 6000 сом акча каражаты белгисиз адамдар тарабынан​ уурдалганын билдирген.

Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алынып келинген. Ал ​ Ысык-Көл облусунун ​ Ысык-Көл районунун Григорьев айылынын ​ 1989-жылы туулган тургуну А.Э. ​ экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан ​ жалпы 35 200 сом акча каражаты алынды.

Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча Талас РИИБдин бир нече кызматкерлери ​ иш алып барып жатышкан. Кармалган жаран медициналык жардам көрсөтүү максатында ​ аймактык ооруканага алынып барып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген эместиги аныкталды.

Шектүүнү милицияга алып келип, өздүгүн тактап, текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүп ​ жатышат.

Кармалган шектүү боюнча анын ​ башка кылмыштарга тийиштүүлүгү боюнча дагы иликтөөлөр жүрүп жатат.

Буга чейин Талас районундагы мал базарда тургундар уурулук кылган адамды кармап, аны ортого алып сабашканы тууралуу маалымат тараган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE