Пример HTML-страницы

Таласта бала бакчалар текшерилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-январь күнү Талас шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүндө бала бакчаларга мониторинг жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Талас шаардык жана Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Борончу Өмүрканов билдирди.

«Учурда абанын температурасы кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу мектептерде кышкы каникул 16-январга чейин узартылды. Ал эми бүгүнкү күндө бардык бакчаларда балдардын саны боюнча мониторинг жүрүп жатат. Ушул мониторингдин жыйынтыгы менен бала бакчалар жабылып же ишин уланта турганы чечилет. Балдардын саны аз болсо жабылат. Бала бакчалар кечээ, 9-январдан баштап иштей баштаган», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE