Пример HTML-страницы

Түптөгү жыйында директордун атасы нанды кармап, эмнелерди сүйлөдү?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-мартта Түп районунун Михайловка айылында жыйналыш өтүп, жазгы талаачылыкка даярдык, жайыт жана сугат суу маселеси, ошондой эле интернетте чуу жараткан мектеп директордун кызматтык орду боюнча маселелер ортого салынды.

Жыйынга райондун жетекчилери, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, РИИБдин жетекчиси жана айыл өкмөтү менен жергиликтүү тургундар катышты.

Чогулгандар ата-эне менен мектеп директорунун окуясына чекит коюу боюнча сунуш пикирлерин айтышты. Натыйжада мурдагы жетекчини өз ордуна калтырууга негиз бар деп жактагандар да, каршы пикирлер да айтылды.

«Мектепте балдарды сабаган деген маалымат бар. Эгерде бир-эки жолу чапса, 9-класстагы өспүрүм энесине айтып барбайт эле. Ошол эне баланын абалын көрдү да. Бул маселе боюнча аксакалдар соту да ортого салып жатабыз. Негизинен мугалим баланы сабаганга эч кандай укугу жок», — деди депутат Шарапат Окенова.

Ал эми Шевченко атындагы мектептин мугалими Ишен Агишев (директордун атасы) төмөндөгүдөй пикир калтырды.

«Мен 40 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Бул арада көптөгөн жетекчилер менен иштештим. Жаңы дайындалган кандай жетекчи, адис болбосун балдарга татыктуу тарбия, билим берүүгө насаатчы катары үндөп келем. Турар Ишенов жөнүндө кеп козголуп жатат. Мен балама болушкан жокмун, ишенбесеңер нанды кармап айтып берейин. Силер келечекте балдар, небереңерди кимге тапшырган жатасыңар? Мен мурдагы жеп-ичкен жетекчилердин кайра келүүсүнө каршымын»,- деди ал.

Ал эми айыл тургундары келип чыккан бардык окуялар мектептеги мугалимдердин ынтымаксыз экенин сыпатташат.

«Директор эркек балдарды анча-мынча тарбиялап койгонуна бир эле адам ызы-чуу чыгарып жатат. Негизи мугалимдер эки-үчкө бөлүнүп жүргөнүн ата-энелер жакшы билебиз. Бул жакта көрө албастык да орун алып кетүүдө. Эмне үчүн жакшы иштеп жаткан жетекчини кетирүүбүз керек? Т.Ишеновду өз ордуна калтырып, мүмкүнчүлүк берели», — дешти жергиликтүүлөр.

Бул маселеден кабар алган район акими Каныбек Адиев мектеп жетекчинин орду мыйзам чегинде чечилерин белгиледи.

«Мугалим айылдын интеллигенти болуусу шарт. Окуучулар да, ата-энелер да мугалимдерди сыйлоого милдеттүү. Бул жакта 5 жылдык жогорку билими бар мугалимдердин бөлүнүүсү уят нерсе. Демек ушул нерсени токтото албаган айыл өкмөтү, мектеп директорунда да кемчилик бар. Алдыда бардыгы мыйзам жолу менен гана чечилет», — деди аким.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын тургундары тынчтык митингин өткөрүшкөнүн жазган

Чогулгандар Т.Г.Шевченко атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Турар Ишенов ээлеген кызматын өткөрүп берүүсүнө каршы экендигин билдиришкен.

«Биз азыркы иштеп жаткан мектеп директорунун кызматтан кетүүсүнө каршыбыз. Анткени ал кызматка келгенден тарта алгылыктуу иштеп келе жатат. Окуучулар олимпиада, «Манас тануу» таймашында жана башка иш-чараларда ийгилик жаратууда. Ошондой эле бир катар долбоорлорду утуп, алдыда мектептин ремонту жүргүзүлүүсү күтүлүүдө. Негизи баланы ата-энеден кийин эле мугалим тарбиялайт. Кээде балдарыбыз чектен ашып кетет, үйдөн тарбиясы башкача, мектептен таптакыр бөлөкчө. Андыктан мугалимдин кээде урушуп койгону туура эле. Себеби бала менен ата-энеге укук берилип, агартуучунун кадыр-баркы тебеленип калды. Акыркы видеодогу окуя боюнча ата-эне да, директор бир чечимге келип ынтымакташып, ал окуя бүткөн. Бирок эмнегедир кызматтан кетирүүнү көздөп, үстүнөн арыз жазган үчүнчү күчтөр болуп жатат», — деген тургундар.

Ал эми директор Турар Ишенов 27-февралда райондук билим берүү бөлүмүнө өз арызын калтырган. Анын айтымында, бир жыл аралыгында күтүүсүз текшерүүлөр тоскоолдук жаратты.

«Мен кызматка дайындалган мезгилден тарта белгисиз үчүнчү күчтөр тарабынан жергиликтүү күч түзүмдөрүнө, билим берүү бөлүмүнө арыз жазылып жатат. Бир нече жолу текшерүү болду, натыйжада коррупциялык жана башка окуучулар менен мугалимдерге шек келтире турган далил табылган жок. Өзүм окуучуларга англис тили жана аскерге чейинки даярдоо сабагынан билим берем. Натыйжада улам-улам комиссия келип жатып, жетекчилик жана мугалимдик милдетимди аткарууга да тоскоолдуктар жаралды. Мындан улам, директорлук кызматты тапшыруу боюнча өз каалоом менен билим берүүгө арыз жаздым», — деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Түп районунда мектеп директору менен ата-энелердин пикир келишпестиги боюнча видео социалдык тармакка тараганын жазган.

Окуя Михайловка айылындагы Шевченко атындагы мектепте болгон. Видео 2022-жылдын октябрь айында тартылган.

Мектеп директору Турар Ишенов окуя тууралуу айтып берген.

«Бул окуя өткөн жылы октябрдын башында болгон. Анда 9-класстын окуучусу балдары улгайып калган орус мугалимдерди түшүнбөйт деп, кыргызча сөгөт экен. Анан кыздарды да көзгө илбей сөгүнчү экен. Ошентип купуя түрүндө кайрылып, мектеп жетекчиси катары чара көрүүмдү суранышкан. Окуяны териштире келгенде эки орус эжейди чакырып, чын эле ошондойбу деп сурасам, алар: «Чын эле сөгүнүшөт, бирок бизди сөгүп жатканын кыргызча түшүнбөйбүз. А чындыгында, сабак учурунда арткы партага отуруп алып мазакташат» деген эле. Анан үч баланы кабинетке чакырып, алар өзүңөрдүн эле энеңердей, «антпегиле» деп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөм. Бир бала көзгө илбей керсейип, «далилиңиз барбы?» деп туруп алды. Анан кулагынан чоюп, кууп чыккам. Ата-энелерин чакыртып, эки баланы да тартибиңер жок экен деп, түртүп чыгаргам.

Эгер ошончолук эле таяк жеп, сабаган болсом, эмнеге 5 ай мурда медициналык кароодон өткөрүп, арыз жазган эмес? Ата-энелер келип, сүйлөштүк. Видеого тартышты, каршы болгон жокмун. «Балдарга болушуп жүрүп, мугалимдин кадыры тебеленди» дегенде, атырылып келип, бетимди тытып алайын деп, жулунганын тартпай койгон экен. Ушунча ачуума жеткирип, урушкан жеримди тартып, чыгарып коюшуптур. Анан эч кандай дооматым жок деп бир чечимге келгенбиз. Андан кийин балдар да тартипке келишти. Ал арадан бери 5 ай өттү. Менин оюмча, кызматтык абалыма бут тосуулар болуп жатат», — деди Ишенов.

Ал эми аталган видеодогу эненин айтымында, директор менен бир пикирге келишкен.

«Ооба, директор балдарыбызды урушуп, согуп койгону үчүн сүйлөшүүгө барып, алгач урушканбыз. Анан мугалимдер 5 ата-энени, балдарыбызды чакырып сүйлөшүп, кол алышып келишимге келгенбиз. Ошондон кийин балдар жакшы окуп, тартиптүү болуп калышты. Мектеп кадимкидей жакшы болуп калганын мугалимдер да айтып жатты. Андан кийин эле видео интернетке тарап кетиптир, 5 ата-эненин катарында жалгыз мен түшүп калыптырмын. Аны айылдагы келин тартып, жибериптир. Азыр ошону көрүп алып, өзүм шок болуп отурам. Эмнеге жалгыз мени чыгарат? Эмне үчүн менин уруксаатым жок чыгарган? Мен жаманатты болуп, балдары тентектер чыкпай калды. Эгер аны оңдобосо доо коеюн деп жатам. Азыр эмне кылышты билбей отурам. Учурда директор менен саламыбыз түз болуп, жакшы мамиледебиз», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE