Пример HTML-страницы

Түптө эки ай аралыгында үч жаңы жетекчи кызматка дайындалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда үстүбүздөгү жылдын эки ай аралыгында кызматка үч жетекчи дайындалды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын Түп району боюнча башкармалыгынын башчысы болуп Базарбек Алымканов дайындалды. Ал Мамлекеттик салык кызматынын Түп району боюнча башкармалыгынан ротация жолу менен которулуп келди.

Түп райондук маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу кызматын Достук Бердибек уулу аркалап жатат.

Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы болуп Канатбек Курманалиев дайындалды.

Курманалиев Канатбек Нургазыевич 1963-жылдын 25-майда Түп районунун Талды-Суу айылында туулган.

Билими:

— 1984-жылы — Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүрүрүп, башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

— 03.09.1984-05.11.1984 — “Колхозчу” ыктыярдуу спорт коомунда инструктор;

— 05.11.1984-10.05.1986 — Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

— 10.07.1986-24.08.1987 — “Колхозчу” ыктыярдуу спорт коомунун облустук кеңешинде инструктор;

— 26.08.1987-26.12.1992 — А.Сопиев атындагы орто мектепте аскерге чакырууга чейинки даярдык сабагынан мугалим;

— 30.12.1992-26.05.2008 — Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөгөн;

— 2009-жылы — Түп райондук мамлекеттик администрациясында башкы адиси;

— 2009-2013 — Түп айыл өкмөтүнүн башчысы;

— 2017-2024 — Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.

Бердибек уулу Достук 1990-жылы 4-апрелде туулган.

Билими:

— 2007-2012-жылдары — К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде география мугалими адистигине окуган;

— 2017-2020-жылдары — Каракол шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалында финансы жана кредит боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

— 2012-жылы — Түп районуна караштуу Кичи-ϴрүктү айылынын Жумабек Бахтияров атындагы орто мектебинде география мугалими;

— 2012-2013-жылдары — аскердик милдетин өтөгөн;

— 2013-жылы — К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу;

— 2014-2015-жылдары — Кичи-ϴрүктү айылынын Жумабек Бахтияров атындагы орто мектебинде география мугалими, директордун орун басары;

— 2015-жылы — Түп райондук мамлекеттик администрациясында экономика сектору;

— 2017-жылы— Түп райондук мамлекеттик администрациясында социалдык маселелер боюнча сектор;

— 2018-жылы — Түп райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде директордун орун басары;

— 2019-жылы — “Компаньон” банкынын кредиттөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

— 2021-жылы — И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинде география мугалими.

Алымканов Базарбек Турсуналиевич 1980-жылы 26-январда туулган.

Билими:

1997-2003-жылдары — С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин финансы жана кредит факультетинде билим алган.

Эмгек жолу:

— 2003-2006-жылдары — Нарын району боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын ККМ бөлүмүнүн инспектору;

— 2006-2007-жылдары — Нарын шаары боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын ККМ бөлүмүнүн улук инспектору;

— 2007-2008-жылдары — Мамлекеттик салык инспекциясынын Нарын шаары боюнча салыктарды жана төлөмдөрдү чогултууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору;

— 2008-2009-жылдары — мүлк салыгын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;

— 2009-2010-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча (ММУ) салык карызын өндүрүү бөлүмүнүн башчысы;

— 2010-2012-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык карызын өндүрүү бөлүмүнүн башкы инспектору;

— 2012-2016-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча салык карыздарын өндүрүү бөлүмүнүн башкы инспектору;

— 2017-2018-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча салыктык карыздарды өндүрүү жана салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн башчысы;

— 2018-жылы — Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча мониторинг, талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын мониторинг секторунун башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE