Пример HTML-страницы

Сокулуктун Жаңы-Жер айылында скрининг борбор ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында скрининг борборунун ачылышы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор оорукананын экинчи кабатында жайгашып, ал Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча оңдоп-түзөлдү.

Оорукананын экинчи кабаты буга чейин COVID-19 инфекциясы менен ооруган бейтаптарды кабыл алууга арналган бөлүм болгон. Эми бул бөлүм жабдылган атайын контейнерге көчүрүлөт.

Скрининг борборго 3 млн 385 миӊ 449 сомго жабдуулар орнотулду. Ал эми имаратты оңдоо иштерине 1 млн 405 миң 573 сом, эмеректерге 229 миң 642 сом жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE