Пример HTML-страницы

Сүрөт — Улуу Ата Мекендик согуштан кийин жасалган велосипед сатыкка коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда жаздын келиши менен велосипеддер популярдуу болууда.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жаңы жана эски үлгүлөр да суроо-талапка ээ.

Кээде базарлардан антиквариат (сейрек учуроочу) велосипеддерди таба аласыз. Мисалы, 1948-жылы чыгарылган велосипеддин модели Жайыл районундагы жайма базарда сатыкка коюлган.

«Велосипед толугу менен оригиналдуу. Мен аны сарайды иреттеп жүргөндө таптым. Бул моделдин бардык бөлүктөрү жаңы. Боёгу гана кетип калган. Велосипедди сырдап, ага рул таап, жаңы ээр салдым. Рамкага бекитилген заводдун белгисине караганда, велосипед 1948-жылы Пенза шаарында (Россия) жасалган деп жыйынтык чыгарсак болот», — дейт Кара-Балта шаарынан келген 36 жаштагы сатуучу Нурлан.

Нурлан өзү бир нече жылдан бери велосипеддерди калыбына келтирип, сатуу менен алектенет. Анын айтымында, пайдаланылган велосипеддер барган сайын популярдуу болууда.

«СССРде жасалган велосипеддердин моделдери сапаттуу тетиктерден чогултулганына байланыштуу болсо керек.

Калыбына келтирилген велосипеддер 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин бааланат. Балдардыкы 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин сатылат. Мен бир сезондо айына 5тен 10го чейин реставрацияланган велосипеддерди сатам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE