Пример HTML-страницы

Сүрөт — Лейлекте 2 күндүк ымыркайдын диафрагмалык грыжа дартына операция жасалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 16-июль күнү Лейлекте 2 күндүк ымыркайдын диафрагмалык грыжа дартына операция жасалды. Бул тууралуу Лейлек райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Алымкул Абдиев билдирди.

Анын айтымында, мындай операция аймакта экинчи ирет жасалды.

«Лейлек райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун неонотолог, реаниматолог жана хирург дарыгерлеринин кеңешүүсү менен 2 күндүк ымыркайдын диафрагмалык грыжа дартына операция жасалды. Бул операция биздин борбордо экинчи ирет жасалды. Буга чейин 2021-жылы жасалган. Учурда ымыркайдын ден соолугу туруктуу.

Бул операциянын биздин борбордун деңгээлинде жасалуусу — биз үчүн жана Лейлек районунун калкы үчүн чоң кубанычтуу жаңылык. Дарыгерлерибиздин 2 күндүк ымыркайга операция жасап, өмүрүнө өмүр улай, аман алып калуусу албетте чоң жетишкендик», — деди Алымкул Абдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE