Пример HTML-страницы

Сүлүктүдө К.Ташиевдин катышуусунда 30 млн сомго курулган спорт комплекстин ачылыш аземи өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Сүлүктү шаарында жаңы курулган заманбап спорт комплексинин ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Спорт тармагын өнүктүрүү жана спортчуларды колдоо максатында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жеке фонддун эсебинен 26 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 млн сом акча каражаты сарпталып, айланасына тосмо, күзөткана жана даараткана курулду.

Спорт комплекстин ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы ачылган спорт комплексте волейбол жана футбол аянтчалары, күрөш залы, жуунуучу жайлар, чечинип-кийине турган бөлмөлөр жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE