Пример HTML-страницы

Сүлүктү шаарында бир катар жетекчилер алмашты. Алар кимдер?

Акыркы жанылыктар

TurmushСүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча координациялык кеңешмесинин кезектеги отуруму өтүп, анда бир катар жетекчилер алмашканы маалым болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Белгилүү болгондой, Лейлек райондук салык кызматынын жетекчисинин орун басары Мурат Сагинбаев Сүлүктү шаардык салык кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубатбек Убайдуллаев кызматынан бошотулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси кызматына келди.

Ал эми Салимжан Калакулов Сүлүктү шаардык архивинин башчысы болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE