Пример HTML-страницы

Прокуратурага жолдонгон катка убагында жооп келгенин айтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагына караштуу Каарман айылындагы мончо боюнча прокуратурага жазылган каттын жообу убагында жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башкы инспектору Адылбек Матисаков билдирди.

Кечээ, 13-февралда аталган башкармалыктын инспекторлору Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында атайын рейд жүргүзүп, экологияга байланыштуу маселелер каралган.

Адылбек Матисаков Каарман айылындагы мончо мыйзамсыз иштеп жаткандыгы боюнча Кара-Суу райондук прокуратурасына чейин билдирдүү жөнөтүлгөнүн, бирок жооп келе элек экенин билдирген болчу.

Мончодон кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот. Техникалык атайын жабдыктар коюлган эмес.

Ал бүгүн, 14-февралда бул жагдай боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, прокуратурага жазылган катка жооп убагында, тактап айтканда 7-февралда жөнөтүлгөн. Бирок ал башкармалыктын электрондук дарегине келбей калган.

Адылбек Матисаков кошумчалагандай, прокуратурадан экологияга келтирилген зыяндын төлөмүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы өндүрүшү керектигин, эгер өндүрүлбөй жатса, маселени сот аркылуу чечүү керектигин түшүндүрүшкөн. Ал эми башкармалыктан прокуратура көзөмөл органы болгону үчүн кат жөнөткөнүн айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE