Пример HTML-страницы

ОшТУ Кытай окуу жайлары менен кызматташуусун күчөтөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев жетектеген делегация Кытай Эл Республикасындагы иш сапарында болуп, бир катар окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюп макулдашты жана билим берүү эмеректерин даярдаган өндүрүш ишканаларында болушту.

Иш сапарда ректор Жанболот Турсунбаев кытайлык студенттерди, магистрлерди, жаш илимпоздорду докторантурада жана аспирантурада окуу үчүн ОшТУга окууга чакырып, эл аралык масштабда университеттин билим берүү ресурстарын пайдаланууну сунуштады.

Иш-сапарда ОшТУнун делегациясы Шаньдун айыл чарба жана инженердик жалпы бакалавриат университетинин (Shandong Agriculture and Engineering University) ректору Li Jinjing жетектеген курамы менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кеңейтилген форматта кызматташуу туурасында сүйлөшүүлөр болду жана академиялык мобилдүүлүк программасы, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана башка маселелерде кызматташуу туурасында келишимге кол коюлду.

Аталган университеттин ректору Li Jinjing: «Биздин байланыштар өзгөчө мааниге ээ болуп, биздин тыгыз байланыштар эки өлкөнүн кызматташуу мамилелеринин өнүгүүсүнө чоң салым кошот», — деп белгиледи.

Аталган университет инженердик, маалымат технологиялары, технология, тамак-аш, агрономия, экономика жана башкаб 30 бакалавриат багытында адистерди даярдайт. Анда күндүзгү бөлүмдө 16 миң студент окуп, 900дөн ашуун профессордук-окутуучулар курамы эмгектенет.

ОшТУну ректору Жанболот Турсунбаев жетектеген делегация менен Хэцзэ университетинин (Heze university) ректору Sun Jianchangдын жолугушуусу өттү. Хуанхэ дарыясынын жээгиндеги Хэцзе шаарында жайгашкан бул университет 1949-жылы негизделген. Электрондук инженерия, компьютердик инженерия, маалымат инженериясы, химиялык инженерия, айлана чөйрө, экономика жана башка 66 бакалавриат багытында адистерди даярдайт. Учурда 23 миңден ашуун студенттерге 700 профессордук-окутуучулар курамы (анын ичинен 360 окутуучу PhD) сабак берет. Өз бүтүрүүчүлөрүн ОшТУда магистратурада улантуу туурасында эки университеттин жетекчилиги бир чечимге келишти. ОшТУ аталган университет менен Борбордук Азиядан биринчи кызматташып жаткан окуу жай катары баса белгиленди жана Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мүчө мамлекеттердин университеттери катары кызматташуу бири-бирине пайда алып келери айтылды.

Чжэнчжо шаарындагы Хэнань экономика жана укук университетинде (Henan university of Economics and Low) ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев жетектеген делегация болуп, бул университеттин ректору Si Linshengдин кабыл алуусунда болду жана эл аралык кызматташуу боюнча проректор Zhu Jinruiдун жетекчилигинде кеңейтилген жумушчу жыйыны өттү. Анда экономика, геоинформатика, маалымат технологиялары багыттары

боюнча студенттердин жана окутуучулардын академиялык программада алмашуусун жүргүзүү, илимий-изилдөөлөрдө тажрыйба алмашууну жандандыруу боюнча сүйлөшүп, алдын ала консенсуска жетишти.

Жанболот Турсунбаев жетектеген делегациясы Шанцю шаарындагы Шанцю педагогикалык университетинин (Shangqiu Normal University) ректору Chen Xiangwei менен жолугуп, эки тарап маектешип, кызматташуу боюнча пикир алмашты. Андан соң математика жана статистика, геодезия жана пландоо, эл аралык билим берүү, окутуучулардын билимин жогорулатуу факультеттеринде болушуп, жолугушууларды өткөрүштү. Окутуучулар менен студенттердин академиялык алмашуусу, кредиттерди өз ара таануу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча пикир алышкан соң, эки тарап бир консенсуска жетишти.Жыйынтыгында кызматташуунун алгачкы кадамы катары биргелешкен меморандумга кол коюшту.

Иш-сапардын жүрүшүндө ректор Жанболот Турсунбаевдин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кызматташуу пландалган адистиктердин окутуучулары жана студенттеринин тажрыйба алмашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Билим берүү ресурстарын бөлүшүп, эки университеттин эл аралык таасирин кеңейтип, «Бир алкак, бир жол» программасынын алкагында эки университеттин өнүгүүсүнө жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда маданий алмашууну жана интеграцияны өнүктүрүүгө көмөктөшөөрүн билдиришти.

Бул окуу жайга академиялык мобилдүүлүк программасы менен которулуп барган ОшТУнун студенттери үчүн окуу үчүн акы төлөмдөр акысыз жана орус тилинде кытай тили акысыз үйрөтүлөрү макулдашылды. Хэнань мамлекеттик экономика жана укук университетинде 27000 студент окуйт, 2200 окутуучулар эмгектенет.

Жанболот Турсунбаев иш сапардын жүрүшүндө окуу мекемелери үчүн эмеректерди даярдап чыгарган Shandong rifa textile machinery co., ltd компаниясынын өндүрүштүк мекемесинде болуп, заманбап жабдуулар менен таанышып чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE