Пример HTML-страницы

Ошто өспүрүм бала «Хонда Фитти» айдап качкан. Аны кармоо учурунда унаа талкаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жеңил унаанын уурдалышы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуусу унаасы уурдалганын жазган. Анын айтымында, 13-мартка караган түнү саат 00:40 чамасында Ош шаарынын Черемушка кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн алдында токтоп турган «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасы ордунда жок экенин байкап, саат 00:50 чамасында милицияга кабар берген. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келгенде телефон аркылуу аталган унааны көргүшкөнү тууралуу кабарлашкан.

Монуев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде шектүүнү кармоого аракет кылышканда ал унааны айдап жиберип, милициянын унаасынын арткы эшиги кайрылган. Шектүүнү кармоого аракет кылган кызматкер колун кокустатып алган. Шектүү «Алай» мейманканасынын жанында Навои менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде башка унааны сүзүп, арыкка аркасы менен кирип кеткен. Аны милиция кызматкерлери кармаган.

Унааны айдап качкан шектүү 16 жашта болгондуктан кое берилген. Жабырланучу келтирилген чыгымды анын ата-энеси төлөбөй жатканын айткан.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 13-мартында Ош шаарынын 1985-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арызында аталган күнү саат 00:00 чамасында белгисиз адамдар анын «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааснын үйүнүн алдында токтоп турган жеринен айдап качып кетишкендигин билдирип, аталган адамдарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Тергөөнүн жүрүшүндо Ош ШИИБдин өздүк курамына тапшырмалар жана багыттама берилип, жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде шектүү унааны башкарып бара жаткан учурунда кармалган.

Ал Ош шаарынын 2008-жылы туулган тургуну М.М. аттуу өспүрүм экендиги такталган. Шектүү көрсөтмөсүндө 13-мартка караган түнү өзүнүн жанындагы «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа унаанын эки ачкыч менен башка адамдардын автоунаасын айдап качуу максатында Ош шаарынын Черемушки кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында жүрүп, токтоп турган «Хонда Фит» унааларын аталган ачкычтарды салып көргөн. Бир унаага ачкыч туура келип, унааны уурдап кеткендигин билдирген. Андан кийин уурдаган автоунаа менен Ош шаарынын Курманжан датка жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде милиция тарабынан кармалган.

Жогоруда аталган кылмыш анча оор эмес кылмыштардын катарына киргендиктен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2024-жылдын 22-февралындагы коллегиясынын чечими менен анча оор эмес кылмыштар боюнча бөгөт коюу чарасы катарында камакка алуу түрүн кабыл албоо боюнча Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүнө ылайык жана шектүүнүн жаш курагынын негизинде ал ата-энесинин карамагына өткөрүлүп берилген.

«Учурда аталган кылмыш иш боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат. Тергөө иштери аяктаган соң соттук кароого жөнөтүлөт. Жабырлануучуга келтирилген чыгым соттун чечимине карата ишке ашырылат. Ал эми жабырлануучунун «милиция кызматкерлеринин бул иште кандайдыр бир кызыкчылыгы болушу мүмкүн» деген шектенүүсү жөнсүз. Тергөө иштери мыйзамдын чегинде жүзөгө ашырылып, сотко кароо үчүн өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE