Пример HTML-страницы

Ош облустук милициясына убактылуу жетекчи келди

Акыркы жанылыктар

TurmushМилициянын полковниги Нурланбек Бурканов Ош облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ички иштер министринин буйругу менен Нурланбек Буркановго убактылуу Ош ОИИБдин башчысынын милдетин аткаруу жүктөлдү.

Буга чейин Ош ОИИБдин башчысы кызматында Жеңишбек Жоробеков иштеп жаткан.

2023-жылдын март айында Нурланбек Бурканов Араван РИИБдин башчысы болуп дайындалган. Ал буга чейин Баткен облусундагы Кызыл-Кыя ШИИБди жетектеп келген. Ошондой эле Баткен ШИИБдин башчысы болгон.

Нурлан Бурканов — Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Арзыбек Буркановдун бир тууганы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE