Пример HTML-страницы

Кыргызстандын аймагында «Кемпир ыйлаак» болуп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush18-февралда Кыргыз жергесинде чилде чыгат. Эсепчилердин айтымында (аба ырайын болжоочулар), кыш чилдеси 8-январда толук кирип, 18-февралда чыгып бүтөт.

Бирок, кыргызда «Токсон кетпей, тоң кетпейт» деген сөз бар. Токсон мезгили 13-декабрдан 13-мартка чейин созулат. Токсондун башы 13-декабрдан 8-январга чейинки учур, ортосу 8-январдан 18-февралга чейинки учур, акыркы мезгили 18-февралдан 13-мартка чейинки учурду ээлейт. Ошентип 13-мартта токсон чыгып, жер кыртышынын тоңу ээрийт.

Чилде чыккандан кийин жааган кар сары кар деп айтылат. Кочкор өрөөнүндө өткөн жылы кыш бою кар жаабай, алгачкы кар 16-февралда жааган. Быйылкы жылы да биринчи кар 16-февралда 3-4 сантиметр кар жаап, ээрип кетти. Анткен менен чилде жөн эле чыгып кетпейт экен. Кыргыздар чилде чыгып жаткан учурду «Кемпир ыйлаак» деп коюшат. «Кемпир ыйлаак» болжол менен 15-февралдан 27-февралга чейин созулуп, бул учурда алгач кар аралаш жамгыр жаайт. Андан кийинки жумада бороон-чапкын болот. Себеби, кыш чилдеси кетеринде жинденет. «Кемпир ыйлаак» дегени ошол суукта карыган кемпирдин көзүнөн жаш чыкканынан аталган делет.

Кочкордун Кара-Суу айылында илгери Эсенбай эсепчи деген жашаптыр. Ал «Кемпир ыйлаак» (20-26-февраль күндөрү) кар жаадыра албай, бугу чыкпай калса, «Силерди элеби! Шашпагыла. Мени кетти деп, кубанбай тургула. Бери дегенде 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылып келем. Ошондо көрүшөбүз» деп кекенип кетет экен.

Жазында кар жаап, үшүк жүргөндө мурдагы аксакалдар: «Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти» деп айтышчу экен. 18-февралдан 11-мартка чейин «Токсондогу чал» кетет.

Жаз алды үзүмчүлүк башталып аны «Узун сары» деп коюшат. Мал арыктап, тоют тартыштыгы жаралат.

Азыр Кочкордо табигый чөп 360 сом, арпа чөп 250-260 сом, беде чөп 450 сомдон, эспарцет чөп 420-450 сомдон сатылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE