Пример HTML-страницы

Кыргызстандагы ОИИБдерди жетектеген башчылар. Алардын эң жашы канчада?

Акыркы жанылыктар

TurmushОблустардагы ички иштер башкармалыктарын көбүнчө орто жаштагы башчылар жетектейт. Turmush басылмасы алардын жаш курагын тактады. Жетекчилердин эң жашы 41 жашта болсо, эң улуусу 53 жашта. Алардын арасында бир да айым жок.

Эскертүү: Жетекчилердин тизмеси облустар боюнча, тактап айтканда алфавит боюнча жазылды.

Баткен ОИИБдин башчысы — Мурат Боронов, 51 жашта. Наамы: «милициянын генерал-майору». Бул кызматта 2021-жылдын февралынан бери иштеп келет.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы — Жеңиш Абитов, 52 жашта. Наамы: «милициянын полковниги». Бул кызматта 2022-жылдын 27-декабрынан бери иштеп келет.

Нарын ОИИБдин башчысы — Канат Жумагазиев, 46 жашта. Наамы: «милициянын полковниги». Бул кызматта 2022-жылдын 27-декабрынан бери иштеп келет.

Ош ОИИБдин башчысы — Жеңиш Жоробеков, 52 жашта. Наамы: «милициянын полковниги». Бул кызматта 2022-жылдын 27-декабрынан бери иштеп келет.

Талас ОИИБдин башчысы — Азамат Токтоналиев, 45 жашта. Наамы:«милициянын полковниги». Бул кызматта 2023-жылдын январынан бери иштеп келет.

Чүй ОИИБдин башчысы — Сапарбек Асаналиев, 53 жашта. Наамы: «милициянын полковниги». Чүй ОИИБдин башчысынын милдетин 2019-жылы 13-августтан баштап аткарып баштаган.

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы — Орунбай Кочкоров, 41 жашта. Наамы: «милициянын полковниги». Бул кызматта 2022-жылдын 27-январынан бери иштеп келет.

Жетекчилердин жаш курагы боюнча тизмеси:

— Орунбай Кочкоров, 41 жашта;

— Азамат Токтоналиев, 45 жашта;

— Канат Жумагазиев, 46 жашта;

— Мурат Боронов, 51 жашта;

— Жеңиш Абитов, 52 жашта;

— Жеңиш Жоробеков, 52 жашта;

— Сапарбек Асаналиев, 53 жашта;

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE