Пример HTML-страницы

Кочкордо кол эмгектердин көргөзмөсү өттү. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районундагы маданият үйүнүн алдында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач жыйылган элге Нооруз майрамы сахналаштырып көрсөтүлүп, аластоо сыяктуу ырымдар жасалып, баба дыйкан ак бата берди. Андан соң, маданият бөлүмү майрамдык концерт тартуулап, билим берүү жана башка мекемелердин кол эмгектердин көргөзмөсү уюштурулду.

Кол эмгектердин көргөзмөсүнүн жыйынтыгы менен 1-орунду «Асель» бала бакчасы, 2-орунду Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясы, 3-орунду Ж.Тойгомбаев атындагы кесиптик лицейи ээлеп, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары тапшырылды.

Нооруз майрамынын алкагында улуттук спорттун түрлөрү — кол күрөш, аркан тартыш, чоюн көтөрүү, шахмат боюнча мелдештер өттү. Ошону менен жармаңке уюшулду.

Бир катар инсандарга «Ормон хан айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE