Пример HTML-страницы

Караколдо электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы тургундарды убайымга салып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы айрым жарандарга кооптуулук жаратып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Каракол шаарынын Восход кичи районунун тургуну Азамат Элчибаевдин айтымында, 62 жаштагы апасы 3 жылдан бери жасалма деп алдыруучу аппарат колдонуп келет. Жарыктын башаламан өчүп жатышы апасынын өмүрүнө коркунуч жаратып жатат. Себеби электр жарыгы кайсы учурда өчүрүлө турганы белгисиз болууда.

«Апам коронавирус менен ооруган. Ошондон кийин кычкылтек бөлүп чыгаруучу аппарат колдонобуз. Үч жылдан бери РЭТке жарык өчөрдө маалымат берип тургулачы деп суранып келем. Бир байке бул аралыкта үч жолу гана эскертти, ага рахмат. Бул жолу белгисиз эле өчүрүп жатышат. Жарык жокто бирөөнүн генераторун ижарага алып иштетем. Эртең менен Каракол РЭТке чалып айтып тургула, оорулуу энем бар десем, «Жарык күйсө, кычкылтек толтуруп ал. Болбосо туугандарындыкына бар» деп бир эже урушту. Ал кычкылтек толтурган газ баллон эмес да, консентратор. Эскертип же өчүрүү графигин берсе жакшы болмок. Ошого жараша даяр турмакпыз. Жарык өчсө, генератор иштетейин деп жатам. Ушунчалык нааразы кылышты. Жарык өчкөндө түн ичинде айла кетип, ары-бери чуркап калып жаттык», — дейт Элчибаев.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кечээ, 8-июнда маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлгөнүн тургундар билдиришкен.

«Жергиликтүү бийлик, «Электр тармактар» ишканасы Токтогул ГЭСинде бир агрегатта оңдоо иштери жүрүп жатканын, буга байланыштуу 2 сааттан өчүрүүлөр болуп жатканын айтып, чыдап турууга чакырууда», — деген жашоочулар.

Электр жарыгы өчкөнү тууралуу Сыдыкбеков, Алтын казык районунда, Нефтяник кичи районунда, базар аймагында, Стаханова, Масалиев көчөсүндө, Обком городок районунда, Шопоков, Токтогул көчөлөрүндө жашаган тургундар айтып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE