Пример HTML-страницы

Каракол шаарында жааган кар айдоочуларды кышкы дөңгөлөк алууга мажбур кылды. Баалары кандай болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында каар жаап, тургундар унаасына кышкы дөңгөлөк алууга ашыга башташты.

Сатуучулардын айтымында, быйыл дөңгөлөктөр 200 сомго чейин кымбаттады. Анда дөңгөлөк баалары түрүнө жараша болууда.

— 13-радиустагы дөңгөлөк 2500 сомдон жогору;

— 14-радиустагы дөңгөлөк 3000 сомдон өйдө;

— 15-радиустагы дөңгөлөк 3700 сомдон жогору;

— 16-радиустагы дөңгөлөк 4500 сомдон өйдө;

— 17-радиустагы дөңгөлөк 5300 сомдон жогору.

«Негизи азыр тургундар аба ырайын карап, анан дөңгөлөктөрүн алмаштырышат. Мисалы, 2-3 күн тынбай жааган карда көп алмаштырышат. Негизи көпчүлүк караколдуктар 15-ноябрдан 15-декабрга чейин кышкы дөңгөлөк сатып алууга келишет. Тыйыны жоктор Жаңы жыл алдында да алышат», — дешет сатуучулар.

Бирок көпчүлүк тургундар жаңы дөңгөлөктөрдү сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан колдонулган дөңгөлөктөрдү алууга туура келерин айтышат.

«Негизи жаңы дөңгөлөк алсаң көп жылга жетет. Бирок ага акча жок болгондуктан кар жааганда колдонулган дөңгөлөк салдым. Анда 4 дөңгөлөк 6 миң сом болду. Эки жыл кызмат кылат го деп ишенип жатам», — дейт шаар тургуну Абсамат Абылкалыков.

Сатып алган дөңгөлөктөрдү атайын жайдан алмаштырсаңыз, 600 сомдон 1000 сомго чейин акча каражаты кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE