Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы мечиттерден 250 000 сом уурдалган. Шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалды

Акыркы жанылыктар

Turmush27 жаштагы жигит садака үчүн чогултулган акчаны уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 10-апрелинде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө райондун аймагында жайгашкан мечиттерде орнотулган садака кутучаларды белгисиз адамдар талкалап, ичиндеги акчаны уурдап кеткендиги тууралуу маалымат катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган тургуну А.Д. кылмышка шектүү катары кармалып, тергөө кызматына камсыз болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү оңой акча табуу максатын көздөп, 4 мечитке кирип, садака кутучаларын талкалап, акчаларды уурдап кеткендиги аныкталган. Келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы 250 000 сомду түзгөн.

Учурда ыкчам тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE