Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаардык кеңеши 29 жаштагы төраганы шайлады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-февралда Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз XXV сессияга чогулду. Жалпысынан 30 депутат катышып, жаңы төрага шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйынтыгында Чыңгыз Кимсановдун талапкерлигин 23 депутат колдоп, 7 депутат каршы болду. Жаңы төрага 29 жашта. Төраганын орун басары болуп Амангелди Тайчабаров шайланды.

Бүгүнкү жыйында мурунку төрага Кадырбек Бадыркулов ден соолугуна байланыштуу арыз жазганын айтып, кызматын тапшырды.

Ошондой эле шаардык кеңештеги 4 депутат:

— Гүлжигит Нусубалиев («Ыйман Нуру»);

— Адилет Табалдиев («Ынтымак»);

— Асылбек Болгомбеков («Энергетик»);

— Таалай Чондолоев («Мекен Ынтымагы») өз каалоосу менен мандатын тапшырды.

Алардын ордуна тизме менен шаардык кеңештин депутаты болгон кийинки талапкерлерге мандат да тапшырылды.

Мандат алгандар:

— Байсал Сандыбаев;

— Ильхам Касымов;

— Байбуура Шакиров;

— Талгат Томошев.

Ошондой эле шаардык кеңештин туруктуу 4 комиссиясынын төрагасы, мүчөлөрү алмашып, курамы өзгөрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE