Пример HTML-страницы

Чек арачы айым Г.Жунушова Баткенден үйрөнгөн сүмөлөк жасоонун ыкмасын айтып берди

Акыркы жанылыктар

Turmush56 жаштагы Гүлгаакы Жунушова Талас элине сүмөлөк жасоону үйрөтүп келет. Ал бул азык жасоону Баткенде үйрөнгөн. Жолдошу экөө 20 жылдан ашык убакыт чек ара кызматында иштеп, Кыргызстандын аймактарында болушкан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Биз жолдошум экөөбүз тең 20 жылдан ашык убакыт чек ара кызматында иштеп, пенсияга чыкканбыз. Алгач, 1994-жылы Кой-Ташта кызмат өтөп, ротация менен Нарында, 1999-жылдары Баткенде иштедик. Баткенде эки жарым жыл иштеп, ошол жакта сүмөлөк жасаганды үйрөнгөм. Ал жакта улуу-кичүү муун дебей, баары бул азыкты жасаганды билишчү. Мен дагы абдан кызыгып, үйрөнүп алган элем. Андан кийин Ысык-Көлдө Каракол чек ара бөлүмүндө 7 жыл иштедик. Акыркы 7 жылдан бери пенсияга чыгып, өзүбүздүн туулуп-өскөн Талас районунун Ак-Жар айылында жашап жатабыз.

Ар дайым Ноорузда сүмөлөк жасап келем. Ысык-Көлдө жүргөндө дагы кесиптештерим менен жасап, Нооруз тосчубуз. Азыр болсо, кошуна, тууган, жакын адамдарыбыз менен чогуу жасайбыз. Негизи Баткенде сүмөлөктү Ноорузда гана эмес, өрүк гүлдөп бүткөнчө жасалган азык экен. Таласта көп жасаганды билбейт. Алыстан уккандар көрсөтүп, үйрөтүп коюңуз деп суранып калышат. Максатым сүмөлөктү Талас өрөөнүндө да жайылткым келет. Быйыл өз үйүбүздө жасадык. Үстүнө көптөр герб түшүп калыптыр. Бирөөсү элик деп көрсөтүштү.

Андан кийин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жасалды. Аны ачканда конуп турган бүркүт көрүндү. Тескерисинен караганда, көз жарып жаткан аялзатын, туулуп жаткан ымыркайды көрүүгө болот. Бул сүмөлөктүн үстүндө сүрөттөр дагы жөн эле түшө бербейт. Ниетке жараша сүрөт түшөт деп ойлойм. Жакында эле Талас облустук ички иштер башкармалыгында сүмөлөк жасаганды көрсөтүп берип жатам», — деди ал.

Каарманыбыз сүмөлөк жасоонун ыкмасын айтып берди.

«Алгач буудайды таза жууп, 1 күн сууга чылап, 7 күн өндүрөбүз. Аны майдалап тартабыз. Ширесине ун чалып алабыз. Казанды даярдап, өсүмдүк майын куябыз. Ага ырымдап алгач 7 же 9 май токоч бышырып, жыт чыгарып алабыз. Баягы ысып турган майдын үстүнө буудайдын ширесине чалынган унду салабыз. Анан өрүк, мейиз салынат. Даам бериш үчүн кант, нават кошулат. Түбүнө күйүп кетпеши үчүн 41 таш салынат. Ташты болсо, шар аккан суудан терип келебиз. Суудагы таш таза дегенди билдирет. Аралаштырып отуруп, 12 саат кайнатылат. Аралаштырган сайын аруу тилектерди айтып, эл-жерибизге тынчтык, береке, бакубат жашоо тилейбиз. Андан кийин Куран окутулуп, сүмөлөктүн астындагы оту алынып, 6-7 саатка демделет. Ачканда үстүнө сүрөт түшүп калат. Ошону кызыгып көрүшөт. Алгач аруу тилектерин айтып, улуулар ооз тийишет», — деди ал.

Чек арачы жубайлардын 1 уул, 2 кызы бар. Уул-кыздары дагы ата-энесинин жолун жолдоп, аскер кызматкери, милиция кызматкери болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE