Пример HTML-страницы

Чүйдүн Фрунзе айыл аймагында 200дөй аз камсыз үй-бүлөгө көмүр берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Фрунзе айыл аймагында турмуш шарты оор 200дөн ашык үй-бүлөгө көмүр таратылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Фрунзе айыл аймагы Казакстан менен чектешип турат. Анда Чалдыбар, Чорголу жана Чолок- Арык айылдары жайгашкан.

«Районубуздагы турмуш шарты оор, өтө муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп жатат. Жакында эле демөөрчүлөр тарабынан турмуш шарты оор 200дөн ашык үй-бүлөгө 80 тонна көмүр таркатылып берилди», — деди жергиликтүүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE