Пример HTML-страницы

Боо-Теректеги бала бакчанын кошумча корпусу 2 млн сомго жакын каражатка курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл аймагында Наматбек Молдалиев атындагы бала бакчанын кошумча корпусу пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы имарат бала бакчанын ашканасы жана жыйындар залы катары курулду. Ачылыш аземге район акими Алгынбай Имаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Кулукеева, айыл өкмөт башчысы Улан Буланбеков жана жашоочулар катышты.

Имаратты курууга 1 млн 984 миң 156 сом сарпталды. 90 орундуу бала бакчанын курулушу 2017-жылы декабрь айында башталып, 2018-жылы декабрь айында аяктаган. Бала бакчада 75 бала тарбияланууда. Ал жерде 22 кызматкер иштеп жатат. Аталган бала бакчанын ашканасы тар болгондугуна байланыштуу имараттын алдындагы бош жаткан жер тилкесине ашкана жана жыйындар залын курууга долбоор түзүлгөн. Тендерди «Победа» ЖЧКсы утуп алып, курулушту 2022-жылдын сентябрь айында баштаган.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Победа» жоопркерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Эргешбаев Жусуп Төлөшович. Компания 2000-жылы 4-январда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Бул иш-чарадан тышкары айыл аймакта Эл аралык карылар күнү белгиленди. 70 жаштан ашкан карыялар чакырып, айылдын таланттуу улан-кыздары майрамдык концерт тартуулашты. Ошондой эле белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE