Пример HTML-страницы

Бөтөлкө ыргыткан көрүүчүлөр тартипке чакырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын жанындагы «Төлөйкөн» ат майданында көк бөрүнүн финалдык оюну өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу үчүн финалда «Достук» жана «Ынтымак» командалары беттешүүдө. Мелдештер Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын майрамдоого карата өткөрүлүүдө.

32 чакырым аралыкка аламан жарыш аяктап, көк бөрү оюну башталар алдында жүздөгөн адамдар ат майданга чуркап чыгышты. Тартип сакчылары жарандарды мелдеш өтүп жаткан аймактан чыгып кетүүнү суранышты.

Финалдык оюндун алгачкы мүнөттөрүндө «Ынтымак» командасынын көк бөрү улакчысы аттан жыгылды. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, улакчыны оюн талаасынан алып кетишти.

Бир аздан кийин ал оюнга кайтып келди.

«Достук» жана «Ынтымак» мелдешинин экинчи бөлүгүнүн акыры мүнөтүндө көрүүчүлөр ортодогу калыска нааразы болушту.

«Достук» командасынын капитаны Кыяз Ниязов ортодогу калыс менен бирге видео кайталоону көрүштү.

Көрүүчүлөр «Достук» командасынын капитаны менен ортодогу калыс видео кайталоону көргөнү баратканда бөтөлкөлөрдү ыргытышты.

Милиция кызматкерлери аларды тартипке чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE