Пример HTML-страницы

Алайдын борборунда 2500 окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 23-апрелде Алай районунун Гүлчө айылынын борбордук стадионунда 2500 окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтты.

«Урааным Манас» кароо-сынагы «Манас» эпосу жөнүндөгү 2011-жылдын 28-июнундагы мыйзамдын жана президенттин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы — «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле алп манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине карата уюштурулду.

Иш-чарага район боюнча 2500 окуучу катышып, «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Кароо-сынакка тиешелүү кызматкерлер, мектеп мугалимдери жана «Манас» театрынынан Нурбек Талантбеков баштаган топ күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE