Пример HTML-страницы

Аксыда ысырапкерчиликти алдын алуу иштери жүрүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан эл арасында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери президенттин жарлыгынын негизинде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Анда курулай намыстанып, бири-бирине атаандашуу менен материалдык чыгымдарга кептелбей, туура эмес ырым-жырымдардан арылуу керектиги эскертилди.

Жарандарга бул багытта милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы айтылып, президенттин жарлыгынын аткарылышына кайдыгер карабоого чакырышты. Эл арасында жүргүзүлгөн профилактикалык жумуштардын натыйжасында ыксыз чыгымдарды азайтуу сунушун колдогондор арбын болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE