Пример HTML-страницы

Ак-Талаада Нооруз майрамына карата уюштурулган спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда бир катар спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-март — Нооруз майрамына карата «Арыба кыргызмдын нарктуулугу» аттуу майрамдык салтанат белгиленип, анын жүрүшүндө волейбол, футбол, аркан тартыш жана таяк тартыш боюнча мелдеш уюштурулду.

Футболдук мелдеште жалпы 12 команда ат салышып, төмөнкүлөр олжолуу орундарга ээ болушту.

— 1-орунду Ала-Буга айыл аймагынын «Хан Шырдакбек» командасы камсыздап, кубок, медаль жана 15 миң сом менен сыйланышты;

— 2-орунду Баетов айылынын «1987-1989 Ынтымак командасы» ээлеп, медаль, диплом жана 10 миң сом менен сыйланышты;

— 3-орунду 1988-жылкы жигиттерден турган команда багындырып, диплом, медаль жана 5 миң сом менен сыйланышты;

— «Мыкты оюнчу» номинациясына «Ыйман» командасынын оюнчусу Темирлан Кыдыршаев татыды;

— «Мыкты оюнчу» номинациясына «40+» командасынын оюнчусу Фархат Мааданбеков татыды;

— «Мыкты дарбазачы» номинациясына «Хан Шырдакбек» командасынын оюнчусу Максат Досоев татыды;

— «Мыкты коргоочу» номинациясына «1987-1989 Ынтымагы» командасынын оюнчусу Руслан Анапияев татыды.

Волейбол мелдешине жалпы 9 команда катышып, төмөнкүлөр олжолуу орундарга ээ болушту.

— 1-орунду Тоголок Молдо айылынын «Тоголок Молдо» командасы багынтып, кубок, медаль, диплом жана 17 500 сом менен сыйланышты;

— 2-орунду Кара-Бүргөн айыл аймагынын «Жеңиш» командасы ээлеп, диплом, медаль жана 12 500 сом менен сыйланышты;

— 3-орунду Кара-Бүргөн айыл аймагынын «Жаңы -Тилек» командасы камсыздап, диплом, медаль жана 7 500 сом менен сыйланышты.

— «Мыкты оюнчу» номинациясына Ала-Буга айыл аймагынын «Коңорчок» командасынын оюнчусу Анарбек Турдалиев татыды;

— «Мыкты коргоочу» номинациясына «Жаңы -Тилек» командасынын оюнчусу Тынарбек Тойтуков татыды;

— «Мыкты байланыштыруучу» номинациясына «Жеңиш» командасынын оюнчусу Кенжебек Дондошов татыды;

— «Мыкты чабуулчу» номинациясына «Тоголок Молдо» командасынын оюнчусу Чыңгыз Шааев татыды;

Футбол жана волейбол мелдешинин байге фонду 100 миң сомду түзүп, жалпы 175 спортчу катышып, демөөрчү тарабынан коюлуп берилди.

Ал эми аркан тартыш мелдеши айымдар жана мырзалар арасында, таяк тартыш мелдеши мырзалар арасында 75 килограмм салмакка чейин жана 75 килограммдан жогорку салмактагылар боюнча, айымдар арасында 65 килограммга чейин жана 65 килограммдан жогорку салмактагылар арасында болуп өттү. Мелдешке жалпы 85 спортчу катышты.

Таяк тартыш боюнча айымдар арасында олжолуу орунга ээ болгондор:

— 1-орун — Кармышбек кызы Мээрим;

— 2-орун — Мээрим Курманбекова;

— 3-орун — Нуржан Кадырбекова.

Аркан тартыш боюнча айымдар арасында олжолуу орунга ээ болгондор:

— 1-орун — жалпы дарыгерлер практикалык борборунун командасы;

— 2-орун — «Аялдар кеңеши» коомдук уюмунун командасы;

— 3-орун — Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейинин командасы.

Таяк тартыш боюнча 75 килограмм салмактагы мырзалар арасында олжолуу орунга ээ болгондор:

— 1-орун — Чубак уулу Ийгилик;

— 2-орун — Капарбек уулу Майрамбек;

— 3-орун — Билимбек Дүйшөналиев.

75 килограмм салмактан жогоркулар арасында олжолуу орунга ээ болгондор:

— 1-орун — Фархат Өскөнбаев;

— 2-орун — Уланбек Тынычбеков;

— 3-орун — Куштарбек Асаналиев.

Аркан тартыш жана таяк тартыш мелдеши Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөргө диплом жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE