Пример HTML-страницы

Өзгөндө өспүрүм кызды унаа сүзүп кеткен. Изин жашырган айдоочу колго түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда өспүрүм кызды унаа менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 21-февралда саат 11:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылында болгон. Жөө жүргүнчү — 2013-жылы туулган Н.К.ны белгисиз унаа сүзүп, айдоочу качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм кыз денесинен жараат алып, Өзгөн районунун Куршаб аймактык ооруканасына жеткирилген.

Көрүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында качып жүргөн айдоочу — Өзгөн районунун 2002-жылы туулган тургуну М.у.Ж. өзүнүн «Субару Легаси» үлгүсүндөгү автоунаасы менен 23-февраль күнү саат 12:30 чамасында үйүнүн короосуна жашырып койгон жеринен Өзгөн райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн издөө боюнча инспектору Калилбай уулу Аскат жана кенже инспектору Данияр Ибрагимов тарабынан кармалды.

Айдоочу Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилип, автоунаа убактылуу айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE